БШК "Реформа" саясий партиясынын тизмесин каттады

Бүгүн, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүүдө. Анда "Реформа" саясий партиясынын тизмеси катталды.
БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү билдиргендей, партиянын тизмесинде жалпы 85 талапкер бар. Анын ичинде 30у аял, 55и эркек. Анда 21 жаштан өткөн талапкерлер.
Кечээ, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында "Ата Мекен", "Бир Бол", "Замандаш" жана "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын" тизмеси катталган.
4-октябрда өтө турган шайлоого үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан