Бүгүн, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүүдө. Анда "Республика" саясий партиясынын тизмеси катталды.
БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү билдиргендей, партиянын тизмесинде жалпы 166 талапкер бар. Анын ичинде 50сү аял, 116сы эркек.
Кечээ, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында "Ата Мекен", "Бир Бол", "Замандаш" жана "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын" тизмеси катталган.
4-октябрда өтө турган шайлоого үгүт иштери 4-сентябрда башталат.