БШК "Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттады

Бүгүн, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүүдө. Анда “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси катталды.
БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү билдиргендей, партиянын тизмесинде жалпы 102 талапкер бар болсо, анын ичинде 50 аял, 52 эркек.

Буга чейин "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу боюнча чечимин кабыл алган.

27-августта Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. 1-сентябрда Жогорку Сот Бишкектин административдик сотунунун чечимин күчүндө калтырган.
Кечээ, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында "Ата-Мекен", "Бир Бол", "Замандаш" жана "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын" тизмеси катталган.
4-октябрда өтө турган шайлоого үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан