Бүгүн, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүүдө. Анда “Актив" саясий партиясынын тизмеси катталган жок.
БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү билдиргендей, "Актив" партиясы 5 миллион сом шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес. Жумушчу топ аталган партиянын тизмесин каттоодон баш тартууну сунуштады.
Кечээ, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында "Ата Мекен", "Бир Бол", "Замандаш" жана "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын" тизмеси катталган. 4-октябрда өтө турган шайлоого үгүт иштери 4-сентябрда башталат.