Бүгүн, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүүдө. Анда БШКнын жумушчу тобу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартууну сунуштады.
БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү билдиргендей, партияда 120 талапкер болсо анын 81и эркек киши, 39у аял. Жумушчу топ аталган партия тизмени түзүүдө катачылык кеткен үчүн каттоодон баш тартуу сунушун берди.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова эмне үчүн бир сааттык танаписте мындай чечим кабыл алынганын сурады. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бир сааттын ичинде жумушчу топ бул маселени ачык карап чечим кабыл алганын айтты.
Абдрахматова аталган партия катталсын деген корутунду турганын айтып, катталбасын деген корутунду берилбегенин билдирди. Ал жумушчу топтун корутундусун көрсөтүүнү талап кылды.
Партиянын өкүлү: "Турсунбай Бакир уулунун дооматы четке кагылды эле. Бүгүнкү жумушчу топтун партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуу долбоорун колдоп жатасыздар. Адилеттүү чечим чыгарууну суранам", - деди.
Буга чейин Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган. Анда Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген талапкерлердин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан. Кечээ, 2-сентябрда БШКнын жыйынында эск-депутаттын арызы каралып, ал канааттандырылган эмес.