Бүгүн, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүүдө. БШКнын жумушчу тобу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин түзүүдө катачылык кеткен үчүн каттоодон баш тартуу сунушун берди. БШК мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоду.
Буга чейин экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган. Анда Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген талапкерлердин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан. Кечээ, 2-сентябрда БШКнын жыйынында эск-депутаттын арызы каралып, ал канааттандырылган эмес.