Бүгүн, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. Комиссия партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартты.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКнын чыгарган чечими боюнча SUPER.KG порталына комментарий берди.
"2010-жылы, 2015-жылы биз парламентке өткөн партиябыз. Биз мыйзамдуулук, ынтымак деп ушул күнгө жеттик. Мен бүгүн бул өлкөдө мыйзам менен эч нерсеге жетише албайсың дегенге терең ишендим. Эми эл өз тагдыры, өз укугу, өз келечеги үчүн күрөшкө чыгыш керек. Сот, мыйзам менен эч нерсеге жетише албаган өлкөгө айландык. Бүгүн БШК аны далилдеди. Атыр Абдрахматова канчалык какшап, жок дегенде токтомуңарды көрсөткүлөчү десе да көрсөтпөй коюшту. Колунда жок токтомго кантип добуш берсе болот? Мыйзамды БШК одоно түрдө бузду. Ошол жумушчу топтун мүчөсү, юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиев жумушчу топтун жыйынына катышкан жокмун, кол койгон жокмун деп жатат. Анда булар кайсы токтомго добуш беришти?
Партиянын 100 миңдеген колдоочулары бар. Алардын укугун ким коргойт? Эртеңден баштап ар бир Кыргыз жараны өз укугу үчүн өзү күрөшкө чыгыш керек", - деди Мадумаров.