Бүгүн, 4-сентябрда Бишкекте "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү БШКнын партияны шайлоодон четтетүү тууралуу кабыл алынган чечимине нааразы экенин билдиришүүдө.
Кечээ, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, анда БШКнын жумушчу тобу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин түзүүдө катачылык кеткендиги үчүн каттоодон баш тартуу сунушун берген. БШК мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдогон.
Буга чейин экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган. Анда Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген талапкерлердин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан. 2-сентябрда БШКнын жыйынында эск-депутаттын арызы каралып, ал канааттандырылган эмес.