Шайлоо-2020: "Бир Бол" партиясы шайлоо кампаниясын тазалануудан баштады

Бүгүн "Бир Бол" саясий партиясы кампаниясын "Тазалан!" аттуу экологиялык акция менен баштады. Иш-чара Бишкектин четинде жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосундагы желексаптын жанында өтүүдө.

Акцияга партиянын талапкерлери, мүчөлөрү жана тарапташтары катышууда. Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов ишембиликке келгендерди шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын ачылышы менен куттуктап, талапкерлерге ийгилик каалады.

"Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Биз кесипкөй, заманбап билимге ээ болгон таза жаштар менен аттанып жатабыз. Өлкөбүз тазаланууга, таза инсандарга муктаж. Биз иштин көзүн билген, жаратман жаңы жүздөрдү бириктире алдык. Биз өзгөрүүгө жана өзгөртүүгө даярбыз!", - деп билдирди партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов.

Депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов "Бир Болдун" жаңыланган командасы бүгүн улуу курөшкө аттанып жатканын символикалык белгилеп, алдыда тазалык жана жаңылануу үчүн күрөш болоорун белгиледи.

"Биз бийликтин бардык бутактарында жаңылануу жана тазалануу үчүн күрөшөбүз. Биздин команда таза, жаратман жана тилектерибиз бийик, сезимдерибиз аруу мекендештерибизден турат. Коомдун бардык катмарында тазаланууга муктаж жагдайлар бар. Бүгүнкү иш-чарабыз тазалануу менен жаңылануунун башаты. Биз жеңебиз", - деп билдирди Шыкмаматов.

"Мекенибиздин символу болгон мамлекеттик туубузду ар дайым таза тутушубуз керек. Адатта биз жоопкерчиликти расмий органдардан күтөбүз. Биз азыр ыктыярдуу турдө келип тазалаганыбыз, өлкөбүз үчүн жоопкерчиликти ыктыярдуу турдө алганыбыздын белгиси", - дейт "Бир Бол" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Руслан Акматбек.

Тазалык акциясында чогултулган таштандылар иргелип, кайра иштетүүгө жиберилет.

Эске салсак, бүгүн, 2020-жылдын 4-сентябрында парламенттик шайлоого үгүт кампаниясы расмий түрдө башталды. Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү 4-октябрда өтөт. Ага 15 партия ат салышууда.

Бишкек шаары, Айни көчөсү, 31/ 403 дарегинде жашаган Байсалбек Кадыралиев тарабынан даярдалган. Нускасы: 1 даана. "Бир Бол" саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен "Бир Бол" саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 4-сентябрь, 2020-жыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан