Бүгүн, 4-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери жана мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп жатышат.
Анда партиянын лидери Адахан Мадумаров жана партия өкүлдөрү кечээги, 3-сентябрда БШКнын "Бүтүн Кыргызстан" партиясы техникалык ката кетиргени үчүн шайлоодон четтетүү боюнча чечимине каршы экенин билдиришүүдө. Партия лидери Адахан Мадумаров: "Шайлоого катышууга үмүтүбүз чоң. Сотко кайрылабыз", - деди.
3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген жок. Комиссия партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартты.