Шайлоо-2020: «Кыргызстан» партиясы: Биз баштадык!

«Кыргызстан» партиясынын кайрылуусу:

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер!

Биздин өлкөдө 4-октябрда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Бул күнү сиз парламентке элдин кызыкчылыгын коргоого татыктуу, Кыргызстан үчүн кам көргөн жана жеке кызыкчылыктарын мамлекеттик кызыкчылыктардан жогору койбогон адамдарды шайлоо менен республиканын тарыхынын жүрүшүн өзгөртө аласыз! Ал үчүн партиялардын программалары менен таанышып, алар сунуштап жаткан өзгөртүүлөрдү жана учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун изилдеп, эң негизгиси, административдик ресурстарды жана акчаны колдонуп, бийликке келүүнү каалагандар үчүн өз добушуңузду сатпашыңыз керек.

Кыргызстандын эли өнүгүү үчүн чексиз потенциалга ээ, бирок эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан 2 миңден ашуун мамлекеттик программаларды жана иш-аракеттер пландарын кабыл алгандыгын жана бул программалардын бардыгы толугу менен аткарылбагандыгын, кээ бир пункттары акылга сыйбас, кээ бирлери ишке ашпай турган, башкалары биздин өлкөгө ылайыксыз болуп, башка мамлекеттерден көчүрүлгөндүгүн унутпашыбыз керек.

Өлкөнүн акыркы жылдардагы басып өткөн жолун кайрадан карап чыгууга мезгил келди. Өнүгүү кетирилген каталардын үстүнөн иштөөнү талап кылат. Бул келечекке сыймыктануу менен карап, алдыга умтулуунун бирден-бир жолу.

Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер!

«Кыргызстан» партиясынын командасы экономиканын реалдуу секторунун бир катар көрүнүктүү өкүлдөрүнөн, ири өндүрүш кызматкерлеринен, бардык деңгээлдеги ишкерлерден турат. Алар жумушчу орундар кандайча түзүлүп жаткандыгын жана социалдык жактан жооптуу бизнес кандайча иштээрин билишет. Бул COVID-19 эпидемиясынын жана аны коштогон экономикалык кризистин шартында өзгөчө мааниге ээ.

Биз ар бир жарандын жыргалчылыгына негизделген күчтүү жана туруктуу мамлекетти өнүктүрүүнү каалайбыз! Элдин жыргалчылыгы - бул бүтүндөй мамлекеттин жыргалчылыгы! Коомдун консолидациясы жок өлкөнүн өнүгүшү мүмкүн эмес. Жалпы максаттар жана элдин жыргалчылыгы башкы баалуулук болуш керек. Баары биргеликте алдыга кадам таштай турган мезгил келди, алдыга умтулуу жана ар тараптуу кыймыл керек деген коомдук суроо-талап бышып жетилди!


Активдүү реформалар, өлкөнү кризистен алып чыгуу жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана туруктуулугун бекемдөөгө багытталган стратегиялык багытты жүзөгө ашыруу үчүн сиздердин колдооңуздарга жана ишеним мандатына муктажбыз. "Кыргызстан" партиясы бизден, өзүңүздүн тандооңуздан көңүлүңүз калбашы үчүн колдон келгендин баарын жасайт. Биз биргеликте мамлекеттин түптөлүшүнүн жаңы тарыхын баштайбыз жана жашообузду жакшы жана татыктуу кылабыз!

Урматтоо менен, «Кыргызстан» саясий партиясы.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разактын тескөөсү менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 4-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)
Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан