Бүгүн, 4-сентябрда БШК менен шайлоого аттанган партиялар ортосунда мыйзамдуу жана таза шайлоо өткөрүү боюнча меморандумга кол коюлат. Кол коюу аземине 15 партиянын өкүлдөрү келишти.
24-августта БШКга 17 партия документтерин тапшырган. Алардын ичинен БШК "Кыргызстан" партиясынын документин кабыл албоо чечимин чыгарган. Партия Жогорку Сотко чейин барып, БШКнын чечимин жокко чыгарган. Кечээ, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында шайлоодон "Бүтүн Кыргызстан" менен "Актив" партиясы четтетилген.