SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Талас шаарынын тургуну кайрылып, Оторбаев көчөсү базарга айланып кеткенин билдирди. Айтымында, бул көрүнүш шаардагы иретсиздикти жаратып жатат.
"Шаарыбыздагы Оторбаев көчөсү базарга айланып кетти. Мэрия кайсы жакты карап жатат, мыйзам деген иштейби бизде? Иретсиз жолдон бут коюуга жер таппай жатабыз", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.