БШК төрайымы: "Бүтүн Кыргызстан" партиясы соттон утуп чыкса, аларды кайра каттоого даярбыз"

Бүгүн, 4-сентябрда БШК менен шайлоого аттанган партиялар ортосунда мыйзамдуу жана таза шайлоо өткөрүү боюнча меморандумга кол коюлду. Кол коюу аземине 13 партиянын өкүлдөрү келишти.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоого катышууга 15 партия катталганын айтты. Меморандумга кол коюу аземине келгенде, чакырылган 15 партиянын ичинен 2 партиянын өкүлдөрү келбегендиги маалым болду. Алар "Реформа" жана "Ата Мекен".

Азем соңунда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага "Бүтүн Кыргызстан" партиясы БШКнын үстүнөн сотко кайрыларын билдирди. Буга карата пикириңиз кандай?" деген суроо берилди.

"Ооба, кечээ, 3-сентябрда БШКнын жыйынында аталган партияны талапкерлердин тизмесин түзүүдөгү кетирген катачылыгы үчүн шайлоодон четтетүү чечими кабыл алынган. Белгилей кетүүчү нерсе, ага чейин БШКнын жумушчу тобу Турсунбай Бакир уулунун берген арызын карап чыгып, канааттандырган эмес. Бирок партия маселеси боюнча толук чечим БШКнын жалпы жыйынында кабыл алынышы керек. Бул мыйзамда жазылган. Жумушчу топ алдын ала сунуштарды берет. Эртеси БШКнын жыйынында эки тараптан тең келген материалдар жана документтер текшерилип, анын жыйынтыгы менен акыркы чечим кабыл алынды. Буга карата "Бүтүн Кыргызстан" партиясы сотко кайрылууга толук укугу бар. Эгер алар соттон утуп чыкса, БШК партияны каттоого даяр", - деди Шайлдабекова.

Кечээ, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, анда БШКнын жумушчу тобу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин түзүүдө катачылык кеткендиги үчүн каттоодон баш тартуу сунушун берген. БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдогон.

Буга чейин экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган. Анда Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген талапкерлердин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан. 2-сентябрда БШКнын жыйынында эск-депутаттын арызы каралып, ал канааттандырылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
AdylbekB84
2020-09-04 16:00:45
Соттон утуп чыксында эми!
+13
Genka
2020-09-04 16:14:46
Утуп чыкса кичине ишеним пайда болот,утпаса точно бут тосуу деп билсе болот
+13
Jelezo
2020-09-04 19:38:51
Бул катын кыйын экен Атамбаевдин буйругун аткарып жүрүп ордун сактап калган эми Сокегеге кызмат кыла баштады бирок бир буту СИЗОдо экенин билбей жатат.
+5
PROS
2020-09-04 21:36:20
БШК - Бетижок Шайлдабекова Комиссиясы! Кыргызстан партиясын каттадыңар го бети жоктор!!! Каадаланып жаттыңар эле го?!
+6
Adil18
2020-09-04 21:46:18
Адахан Кимсанбаевич Мадумаровго бут тосуу болуп жатат.
2015-жылы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевди жеке озун талапкерликтен четтеткенсинер.
Бул бийликтин жеке оюну!
+5
nurik838383
2020-09-06 00:01:32
Кок бет экенсинер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан