Бүгүн, 4-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын ортосунда меморандумга кол коюлду.
Кол коюуга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, БШК тарабынан талапкерлеринин тизмеси катталган 13 саясий партиянын жетекчилери, шайлоо комиссияларынын, өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык активисттер катышты. БШК төрайымы кол коюу аземинде сүйлөп жатып, шайлоого катышууга жалпысынан 15 партия катталганын билдирди.
Ага ылайык, БШКдан төмөндөгү партиялар каттоодон өткөн: (партиялардын катары документ тапшырган кезегине ылайык берилди)
“Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясы”;
“Мекен Ынтымагы”;
“Ата Мекен” социалисттик партиясы;
“Мекенчил”;
“Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“;
“Ыйман Нуру”;
“Замандаш”;
“Чоң Казат”;
“Реформа”;
“Республика”;
“Социал-демократтар”;
“Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы;
“Мекеним Кыргызстан”;
“Ордо”.