"Мекеним Кыргызстан" – ар бир кыргызстандыктын партиясы

“Мекеним Кыргызстан” партиясы шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн Бишкектин чок ортосундагы Нөлүнчү чакырым белгисинен баштады.

Нөлүнчү чакырым"Мекеним Кыргызстан” партиясы чоң саясатка жетелеген жолду дал ушул жерден баштап, ак ниет, аруу тилек менен саясий майданга аттанды. Ордо калаанын чок ортосундагы Нөлүнчү чакырым символикалык белгисинин жанына партиянын Бишкек, Ош шаарларынан жана жети облустан келген талапкерлери таң эртелеп чогулду. Бул тек гана геодезикалык белги эмес, ал өлкөдөгү жолдордун башталышын аныктаган белги. “Мекеним Кыргызстан” партиясы да чоң бийиктикке алып барчу жолду символикалуу түрдө дал ушул жерден баштады. Демек бул улуу сапардын башталышы.

Партиянын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн талпынган талапкерлердин энергиясы ашып-ташып, эл үчүн иштөөгө даяр.

Чоң саясий жолго аттангандар алдыда далай кыйынчылыктар күтүп турганын сезип турушат. Анткени “Мекеним Кыргызстан” партиясы үгүт өнөктүгү башталганга чейин эле ар кандай каралоолорго дуушар болуп келди.

Партия төрагасы Мирлан Бакиров алдыда оңой эмес жол күтүп турганын белгиледи: "Биздин жолубуз татаал жана кыйын болорун сезип турабыз. “Мекеним Кыргызстан” буга чейин эле кара пиарга, ыплас технологияларга кабылып келди. Мындай ыплас чабуулдар партияга да, айрым талапкерлерге карата да жасалды. Бирок биз көсөм элибиз жалган менен чындыкты ажырата алат деген ишеничтебиз”.

“Мекеним Кыргызстандын” талапкерлери үгүт өнөктүгүн боз үй тигүү менен баштады. Боз үй – өткөн чак менен учур чактын айкалышы байкалып турган өзгөчө жай. Бул мамлекеттик масштабдагы биригүүнүн символу. Партия мүчөлөрү биргеликте боз үй тигүү менен жарандарыбызды түндүк-түштүк, батыш-чыгыш, кокту-колот болуп бөлүнбөй, бир муштумга түйүлүүгө чакырууда.

Боз үйдүн ичинен ак сакалын жайкалткан Кыдыр ата менен ак элечек оронгон Умай эне "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлерин тосуп алды. Ак бата алган талапкерлер андан ары улуу сапарга жол тартышты.

Талапкерлер партия парламентке өтүп калса чоң жоопкерчилик жүктөлөрүн, элдин ишенимин актоо үчүн билек түрүнө белсенип иштөө керектигин айтууда.

Ошентип “Мекеним Кыргызстан” партиясынын үгүт өнөктүгү символикалуу түрдө Бишкектин чок ортосундагы Нөлүнчү чакырым белгисинен башталды. Салтанаттуу иш-чарадан кийин талапкерлер өлкө аймактарына, жер-жерлерге жөнөп кетишти. Аларды республиканын ар бир булуң-бурчунда шайлоочулар менен жолугушуулар күтүп турат. Өлкөнү алга сүрөй турган, тажрыйбалуу жана жаш профессионалдардан куралган "Мекеним Кыргызстан" - жумушсуздукту жоюп, депутаттардын санын кыскартат жана өлкө экономикасын көтөрөт!

“Мекеним Кыргызстан” – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kushu_bek
2020-09-04 19:52:44
ТОО жаныбарларына анчылык кылууга уруксат Берген Мирлан бакиров
Ото намысы жок Адам екен.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан