"Республика" партиясынын лидери: "Президент деген кызмат жок болот"

"Кыргызстанда акыркы төңкөрүштөргө президенттик бийлик себеп болгон. Ошондуктан келе жаткан парламенттик шайлоодо "Республика" партиясы президенттик институтун жоюу талабын койду". Мындай пикирин бүгүн, 4-сентябрда “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев "Алдыга жол" программасын сунуштаган учурда айтты.
"Президенттик бийлик 30 жылдын ичинде экономикалык, саясий кризиске күнөө болуп келди. Бул учурда ууру-кландар түзүлгөндүктөн, "Республика" партиясы бул институтту жокко чыгарууну талап кылууда", - деди Жээнчороев. Ошондой эле ал, анын ордуна "Республика" партиясы парламенттин сапатын жогорулатып, жоопкерчиликтүү өкмөттү түзүүнү сунуштайт.
"Республика" партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5 пайызга чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6 пайызга чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. "Республика" бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

"Республика" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А. Дареги: А. Токомбаева көчөсү 27/2. Нускасы 1 даана.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
souza.j
2020-09-04 17:58:41
Шайлоону Бир мандаттуу можераттардык кылып личносту шайлай тургандай абалда откорсо болбойбу. Ээй ушуга барбасак парламентке мыктылар жер жок болуп кеткичекти барбайт
+14
anash
2020-09-04 21:57:50
Президент Бабанов болсо колдойт элек чын дилден
-4
Aman_Mansurov
2020-09-05 17:52:30
Мыйзамды түшүнбөй жөн эле кыйын боло бербегиле. Бизде конституцияда жазылган, парламенттик башкаруу деп, демек премьер министр башкарыш керек, премьер министр жооп бериш керек. Бизде андай болбой эле, мыйзамды бузуп президент башкарып жатат. Бул туура эмес нерсе. Мисалы Германияда парламенттик башкаруу, ал жакта канцлер Ангела Меркель башкарат мамлекетти, аларда деле президент бар, ал болгону документтерге кол койуп берет. Башкаруу процесси канцлер дин колунда.
+1
Kuban-1207
2020-09-12 16:02:22
Чынында эле президенттин кереги жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан