«Кыргызстан» партиясы: "Биз жеңишти көздөй кадам таштадык"

«Кыргызстан» партиясы 4-сентябрь күнү үгүт ѳнѳктүгүнүн ачылыш аземин өткөрдү.

Иш-чара партиянын Бишкектеги штабында өтүп, ага партия лидерлери, шайлоого аттанган талапкерлер, партиянын тарапташтары жана жаштар канатынын мүчөлөрү катышты.

Биринчилерден болуп сөз алган партиянын лидери Канатбек Исаев партиянын парламентке баруудагы максатын Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, келечек муундардын жашоо деңгээлин жакшыртуу деп түшүндүрдү.

Ошондой эле партия лидери коомчулукка партиянын платформасын тааныштырып жатып, бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелердин санын кыскартууга барарын, бирок кыскартуу менен билимдүү жана тажрыйбалуу адистердин эмгек акысын көтөрөрүн айтты. Андан сырткары ал миграция, билим берүү, айыл чарба, өндүрүш жана тоо-кен тармагына өзгөчө маани берилерин баса белгиледи.

Андан соң партиянын төрагасы жана негиздөөчүсү символикалык түрдө үгүт өнөктүгүнүн расмий ачылыш кнопкасын басып, асманга салюттар атылды.

Канатбек Исаев партия ийгиликке жеткен соң, кыска убакыт ичинде өлкөдөгү бир топ көйгөйлөр чечилерин айтты.

“Биздин партиянын катарындагы адамдар өндүрүш жана өнөр жайга көңүл буруп, элге 10 миңдеген жумуш орундарын түзгөн адамдар. Биз алып сатууга эмес, өндүрүш менен өнөр жайга басым жасайбыз. “Кыргызстан” партиясы куру убадалар менен эмес, иштер менен көрүнгөн партия”, ­– деди Канатбек Исаев.

Иш-чаранын соңунда коомдук ишмер, аксакал Мамбетжунус Абылов ѳзүнүн батасын берип, алдыдагы шайлоодо “Кыргызстан” партиясына жеңиш каалады. Андан соң “Кыргызстан” саясий партиясынын гимни жаңырды.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун тескөөсү менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 4-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)
Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bratanyn
2020-09-04 23:31:20
Бирок булар уялбайт экен да.
+15
Arzybekkg
2020-09-05 00:24:44
Алданбагыла 5 мин сом учун балдарынардын келечегине балта чаппагыла сатылбагыла...
+11
zhigitaly
2020-09-05 02:40:02
50мин сүйүнчү беребиз деген ушулар беле?
+6
zhigitaly
2020-09-05 02:42:11
Шайлоого чейин Кыргызстан эң тез өнүгүп жаткан өлкө болот экен да ээ жөө жомок угабыз эми
+5
zhigitaly
2020-09-05 02:43:39
Уялбайт экен да тантыктар
+6
Felice41
2020-09-05 03:05:16
“Кайран гана эл! Кайран гана мамлекет! Кайран гана мурдуңа бок сүйкөлгөн кыргыздар! Дагы тарткылыгың алдыда экен. Белиңди бекем бууп, чыдагын, өзүндүн зөөкүр уулдарыңа, өзүңдүн зөөкүр кыздарыңа!” Ушинтип Дооронбек агабызда өксүгөн бойдон өтүп кеткен.
+8
samarbek.88
2020-09-05 09:43:12
сүйүнчү пулду 100 миң кылабыз дейт эми булар
+2
bond0202
2020-09-05 10:32:48
Бир добушка канча сомдон берсе да алгыла бирок шайлабагыла.шайлоону ар алты айда кылып турса элге жакшы эле,ушуларга окшогондордун акчаларын алып турмакпыз
0
Balam_bakytym
2020-09-05 11:33:42
Logotipteri kazaktardyn jelegine okshoshko
0
SHAHDAR
2020-09-05 11:43:28
Шаки ооруп жатканбы дейм, арыктап, карарып, шалпыйып эле калыптыр.
0
souza.j
2020-09-05 16:02:58
Ар Бир бала пособия алат. Суйунчу Акча 50000 сом болот деген ушулар. 5 жыл мурун. Кайра келишти.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-09-05 16:38:27
Акча берсе алып туруп башка партияны шайлагыла! Окшошкон паракорлор партиясы экен жалаң.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан