"Мекеним Кыргызстан" партиясы: "Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 2 эсеге кыскартабыз"

"Мекеним Кыргызстан" партиясы – ООБА! Биз популизмден алыс, ачык-айкындуулукка жана натыйжага багытталган программаны иштеп чыктык.

Биз Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсеге кыскартууну сунуштайбыз! "Мекеним Кыргызстан" партиясы парламенттеги депутаттардын саны эмес, ишинин сапаты маанилүү деп эсептейт.

Депутаттардын санын кыскартуу менен миллиондогон сомдор үнөмдөлүп, каражатты экономиканын өсүшүнө жана калктын социалдык жашоосун жакшыртууга жумшоого мүмкүн болот. Ошондой эле аз сандагы депутаттардын ишин көзөмөлдөө да оңой эмеспи.

Жумушка каалаганда келип-кетүү, ордунда жоктор үчүн да кнопка басып добуш берүү, өз оюн так айта албагандык, ар кандай кызыкчылыктар үчүн элдин оюн эске албоо сыяктуу кемчиликтер акыркы чакырылыштагы депутаттарда көп болду. Биз элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген эффективдүү парламентти түзөбүз!

"Мекеним Кыргызстан" партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

"Мекеним Кыргызстан" партиясы – ООБА!

Биз популизмден алыс, ачык-айкындуулукка жана натыйжага багытталган программаны иштеп чыктык. Биз көмүскө бизнестин көшөгөсүн ачабыз! Бул үчүн азыркы талапка жооп бербеген, татаалдашкан жана бюрократияга басым жасалган салык системасын кайрадан иштеп чыгууну сунуштайбыз.

Бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтырабыз. Бул нерсе бир гана коррупцияга бөгөт койбостон, салык отчётторун берүүгө убактысын жана нервин коротуп жаткан ишкерлердин ишин жеңилдетет.

Өлкөнүн бюджети көбөйсө, калктын аярлуу катмарынын социалдык жашоосун жакшыртууга жана медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин жана бюджеттин эсебинен айлык алгандардын эмгек акысын жогорулатууга мүмкүн болот.

Бир өлкө – бир салык!

"Мекеним Кыргызстан" партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

"Мекеним Кыргызстан" партиясы – ООБА!

"Мекеним Кыргызстан" партиясы – өлкөнү алга сүрөөчү тажрыйбалуу жана жаш профессионалдардын бирдиктүү командасы! Жумушсуздукту жоёбуз, депутаттардын санын кыскартабыз жана өлкөбүздүн экономикасын көтөрөбүз!

"Мекеним Кыргызстан" партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан