"Замандаш" партиясы Нарын облусундагы шайлоочулар менен жолугушууну Ак-Талаа районунан баштады

Ааламга жол айылдан башталат, айылдан улуу залкарлар, элин, жерин сүйгөн адамдар чыккан. Жеңиш Молдокматов алдыга чоң кадам таштаардан мурун өз айылына барып, кичи мекенинин тургундары менен амандашып, ак сакалдардан бата алуу үчүн боордоштору менен жолукту.

Жеңиш Молдокматов Советтер союзу ыдырап, Кыргызстан мамлекети жаңы түптөлгөндө Ысык-Көл облусунда төрөлүп, кийин Ак-Талаа районунун Куртка айылында окуп, Нарын шаарында иштеген. Чет өлкөдө жогорку окуу жайда билим алып, кийин Бишкекке которулуп, ишин уланткан.

2010-жылдан баштап коомдук иштерге аралашып, 2015-жылы "Замандаш" партиясынын курамына кирип, 2018-жылы партиянын төрагалыгына өтүп, быйылкы парламенттик шайлоого, партияны жетектеди. Алгач өз кичи мекени Куртка айылына келип, бата алды.

Өз атасына куран түшүрүп, эли менен амандашкандан өтөөрү жок болсо керек. Ак-Талаа району да өз кулунун ураан менен күтүп алды.

Ак-Талаа жерине Жеңиш Молдокматов менен бирге партия негиздөөчүсү Мухтарбек Өмүракуновдун жубайы Чынара Шейшекеева, алтынчы чакырылыштын депутаттары Умбетаалы Кадыралиев менен Айсулуу Мамашова да барган.

Партиянын катарында күчтүү, өз жерине күйө турган азаматтар элдин ал-акыбалын сурап, талабын талашканга даярдыгын билдиришти.

Жеңиш Молдокматов өз кайрылуусунда: “Мухтарбек Өмүракунов партияны түзүп жатып, сыртта жүргөн өзүнүн боордошторун көрүп, мекениме жардамым тийсе экен деген каалоосу бар эле. Өзгөчө пандемиянын айынан мамлекетти өнүктүрүү боюнча мыкты реформаларды жасоо керектигин билдирди. Биздин карыялар да өнүккөн мамлекеттердин карыяларындай эл, жер көрүп, саякаттап, татыктуу карылыкты өткөрүшү керек. Өлкөбүздө дүйнөлүк стандартка жооп бере турган мектептер курулушу керек, ошондой мектептерди куруунун учуру келди. Биздин катарда кесипкөй, тажрыйбалуу мугалимден баштап генералдарга чейин өз ишин мыкты билген талапкерлер бар. Шайлоо деген күрөш, бул шайлоодо жеңишке жетебиз деген максатта аттанып жатышат. "Замандаштын" он жылдап кылган эмгеги жана тарыхы бар таза партия, биз куру убадаларды бербейбиз, катарда жүргөн мыктылар, парламентке барып сиздердин өкүлүңөр болуп, үнүңөрдү угузуу үчүн баратабыз. Биздин катарда мекен үчүн иштейли, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошолу деген жаш талапкерлер бар. Мен өлкөнүн тагдырын ойлонуп, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө биз салым кошпосок, ким салым кошот деп ойлодум. Добушуңарды урматтуу элим акчага сатпагыла, эми биздин мамлекетибиздин келечеги сиздердин колуңуздарда. Биримдикте бололу, бирге өнүгөлү калкым".

Ошондой эле жолугушууда көптөгөн маселелерди чечүү жолдору партиянын программасында бар экенин баса белгиледи.

Аткаруучу: "Замандаш" саясий партиясынын маалыматтык штабы.
Дареги: Бишкек шаары, Жал кичи району 23, 28
Кардар: "Замандаш" саясий партиясы.
Нускасы: 4
2020-жылдын 4-сентябрында өндүрүлгөн.
"Замандаш" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
Абылова Гүлнара Буларбековна тарабынан төлөнгөн (Күбөлүк №97, 10.08.2020-жыл).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан