"Биримдик" ѳлкѳнүн түштүк аймагындагы үгүт ишин старт берди!

Бүгүн, 5-сентябрда "Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо" саясий партиясы ѳлкѳнүн түштүк аймагындагы үгүт иштерине старт берди. Партиянын иш-чарасы Оштун символуна айланган касиеттүү Сулайман-Тоонун астында ѳтүп, ага партиянын лидерлери, мүчѳлѳрү, жаштар канатынын ѳкүлдѳрү жана Ош шаарынын тургундары катышты.

Иш-чараны партиянын лидери Марат Аманкулов ачып, партиянын идеологиясы, максаты тууралуу айтып берди. Партиянын алдыда кыла турган иштери жѳнүндѳ маалымат берди.

"Биримдиктин" тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров партиянын алган багыты, программалык максаттары, Евразиялык тандоо идеологиясын сунуштап жатканын айтып, 4-октябрдагы добуш берүү күнүндѳ колдоого алууга чакырып ѳттү.

Партиянын шайлоо тизмесин баштап бараткан Улукбек Кочкоров да сѳз сүйлѳп, ѳлкѳдѳгү кѳйгѳйлѳрдү чечүүдѳгү партиянын багыттарын, сунуштарын айтты. Партия шайлоодо жеңишке жетишсе, экономикалык, социалдык, элдин турмушун оңдоо багытында конкреттүү кандай иштерди кыларына токтолду.

"Биримдик" саясий партиясынан талапкер, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева ѳз сѳзүндѳ биригүүгѳ, сѳздѳн ишке ѳтүүгѳ убакыт келгенин айтты. "Биз баштаган иштер тарыхый ѳзгѳрүүлѳрдүн башаты болоруна ишенем! Биз биримдик, ынтымак менен баарына жетишебиз! Эмне үчүн "Биримдик"? Себеби бизге биригүүгѳ мезгил келди! Сѳздѳн ишке ѳтүүгѳ мезгил келди!", - деди.

Мындан сырткары партиянын Жогорку Кеңешке талапкери Субхатилло Мирзаев, жаш активист Медербек Абдыманапов, эмгектин ардагери, коомдук ишмер Сайракан Юсупова сѳз сүйлѳшүп, партияга алдыдагы шайлоодо жеңишке жетишин каалап ѳтүштү.

Андан кийин Ош шаарынын аксакалы, легендарлуу парламенттин депутаты Балтагул Нурумбетов "Биримдик" партиясындагыларды ѳлкѳ үчүн кызмат кылууга чакырып, ак батасын берип, шайлоодо ийгилик каалады.

Иш-чара "Биримдик" партиясынын гимни ырчы Ильяз Абдразаковдун аткаруусу менен жыйынтыкталды.

"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы" саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Glafira
2020-09-05 17:23:16
Угут ишке кеткен акчаны 15партия чогултуп тышкы карыздардын бир болугун толоп койсонорда чоон иш кылган болот эленер (жегенден кийин)
Канчалаган акча сарптайсынар и так эле. Эл силердин акчанарга зар эмес. Эл и так 30жылдан бери эле оз оокатын озу кылып келе жатат.
+5
Felice41
2020-09-07 03:11:34
Жомок айткан Алдар көсөлөр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан