"Замандашчылар" Ат-Башыда Чеч-Дөбөгө зыярат кылышып, Мухтар Өмүракуновго куран окутушту

Элдин сүймөнчүлүгүнө айланып, чоң колдоосуна татыган айтылуу “Замандаш” партиясы алгачкы үгүт ишин алыскы Нарын облусунун Ат-Башы районунан баштады. Себеби бул касиеттүү өрөөн кыргыздын мекенчил уулу, маркум Мухтарбек Өмүракуновдун туулган жери жана сөөгү жаткан жер эмеспи. Бейиши болгур Мухтар агабыз 13 жыл мурун “Замандаш” партиясын түптөп, 2011-жылы артында калган ага-туугандарына, санаалаштарына мурас катары калтырып кеткени маалым.

“Замандаштын” лидери Жеңиш Молдокматов, Мелис Турганбаев, Улукбек Ормонов, Чынара Шейшекеева, Айсулуу Мамашова, Умбеталы Кыдыралиев, Бакыт Жумагулов баштаган талапкерлер жана партияны колдогон бир топ адамдар бул күнү кыргыздын тарыхында эң чоң орду бар, ыйык жер болгон Чеч-Дөбө мазарына барышып, ата-бабаларга куран окутушту. Чынында Чеч-Дөбөгө адамдын көзүнө көрүнө бербеген улуу касиеттин уюганы ырас. Ал касиетти билгендер жана сезгендер улуу ишке аттануунун башатын сөзсүз түрдө ошол ыйык жерге зыярат кылуу менен башташат. Көпчүлүккө маалым болгондой, зыяраты кабыл болгондорго ал ыйык жерден аян берилип, сыр көрүнөт...

“Замандаштын” талапкерлери Чеч-Дөбөгө зыярат кылышкан соң, Мухтар Өмүракуновдун кабырына барышып, анын арбагына багыштап куран окутушту. Албетте, “Өлгөндөр да баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” демекчи, “Замандашчылар” Мухтар Сүйүналиевичтин арбагына ар дайым куран окушуп, эл үчүн жасап кеткен опол тоодой эмгегине таазим кылып келишет.

Мындан соң “Замандашчылар” Ат-Башы эли менен жолугушуп, бул партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанышкан татыктуу талапкерлер карапайым элге партиянын программасын айтып берип, элдин социалдык жашоосун оңдоо маселесин талкуулашты. Ошондой эле кышы узун, шарты катаал бул Ат-Башы районунун чечилбеген көйгөйлөрүн чечүүгө чоң аракеттер көрүлө турганын ишенимдүү айтышты. Бул айтылуу өрөөндүн сыймыктуу уулу генерал Мелис Турганбаев менен маркум Мухтар Өмүракуновдун ишин улап келаткан анын жубайы Чынара Шейшекеева да шайлоочуларга партиянын асыл максаттарын жана калктын көйгөйлөрүн чечүү боюнча өз ойлорун айтышты. Ат-Башы эли 13 жылдан бери башка партияларга салыштырмалуу барандуу иштерди жасап келаткан “Замандаш” партиясынын татыктуу талапкерлерин алкап, ак батасын беришти.

Ошентип “Замандашчылар” абасы аңкыган Ат-Башыдан чоң колдоо, ийгилик менен Ак-Талаага жөнөп кетишти.

Аткаруучу: "Замандаш" саясий партиясынын маалыматтык штабы.
Дареги: Бишкек шаары, Жал кичи району 23, 28
Кардар: "Замандаш" саясий партиясы.
Нускасы: 3
2020-жылдын 4-сентябрында өндүрүлгөн.
"Замандаш" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
Абылова Гүлнара Буларбековна тарабынан төлөнгөн (Күбөлүк №97, 10.08.2020-жыл).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан