"Бир Бол" партиясы аймактардагы үгүт иштерин Таластан баштады

"Бир Бол" саясий партиясы аймактарга болгон үгүт иштерин Манас атабыз жердеген Талас облусунан баштады. Партия лидери Алтынбек Сулайманов, "Бир Бол" партиясынан талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Чынар Капарова, Рамис Мамбеталиев жана башка партиянын мүчөлөрү алгачкы күнү Манас атанын күмбөзүн зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран окушту.

Ошондой эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.

"Шайлоого партиялардын атын жамынган алдамчылар, куру убада бергендер келе жатат». Азыр элдин маанайы суз. Коом 30 жылдан бери жаңыча көз караштагы, эл аралык деңгээлде ойлонгон жаштарды күтүп жатат. Андыктан биздин партия 95 пайыз жаңыланып, кулдук уруп элдин арасына чыктык", - деди Алмамбет Шыкмаматов.

Ал эми "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов эл менен жолугуу маалында башкаруу системасын түп тамыры менен өзгөртүү керектигин баса белгиледи. Айтымында, эл партияга эмес, талапкерге гана добуш бериш керек.

"Мисалы, бир үкөктүн ичинде чиригени, курттаганы да болот. Аларды иргеп чыгуу зарыл. Бизге карапайым элдин көйгөйүн жон териси менен сезе турган депутат керек", – деди Сулайманов.

Эл өкүлдөрүн Талас элинин өзгөчө тосуп алышы - "Бир Бол" партиясынын бул аймакта колдоочулары арбын экенин көрсөтүп турат.

Аталган облустан белгилүү ишкер, жаш лидер Рамис Мамбеталиев "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкерлигин коюп жатат.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 5-сентябрь, 2020-жыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан