"Замандаш" партиясынын мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда аравандыктардын көздөрүнө жаш толду

"Замандаш" партиясынын мүчөлөрү үгүттөө иштеринин экинчи күнүндө ордолуу Ош облусуна келишти. Алгач ыйык Сулайман-Тоого барып, куран түшүрүп, Араван районуна карай сапар алышты. Араван районунун тургундары талапкерлерди жылуу тосуп алышты. Жолугушууга үч жүздөн ашуун жергиликтүү тургундар катышкан.

Жолугушууга келген партиянын лидери жана бардык талапкерлер сөз сүйлөп, шайлоочулардын суроолоруна жооп беришти. Суроолор көбүнчө партиянын программасы жөнүндө болду. Эң алгач Жеңиш Молдокматов шайлоочуларга талапкерлер жөнүндө кенен маалымат берди.

"Биздин партияда ар кандай кесипкөй адамдар бар. Ар кимиси өздөрүнүн кесиптерин мыкты билишет, жогорку деңгээлдеги ийгиликтерди багынткан инсандар. Башталган иштерди аягына чыгарыш үчүн парламентке аттанышты", - деп билдирди партиянын лидери.

Ошондой эле Жеңиш Молдокматов партиянын кылган иштери жөнүндө кенен айтып берди. Орус мамлекетинде жашаган 17 жаштагы мигрант кыздын жансыз денесин энеси өз мекенине кайтара албагандыгы жөнүндө кайгылуу окуяны айтып берди. Молдокматовдун айтымында, кыздын энеси ар кандай уюмдарга бир нече жолу жардам сурап кайрылган. Жеңиш Молдокматов бул окуяны угаар замат жардам берүүнү чечкен.

Мигрант болуп жүрүп каза болгон кыздын сөөгүн алып келген учурду партиянын лидери көзүнө жаш алып эстегенде, чогулган элдин да көздөрүнө жаш толду.

Аткаруучу: "Замандаш" саясий партиясынын маалыматтык штабы.
Дареги: Бишкек шаары, Жал кичи району 23, 28 Кардар: "Замандаш" саясий партиясы. Нускасы: 4, 2020-жылдын 4-сентябрында өндүрүлгөн. "Замандаш" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
Абылова Гүлнара Буларбековна тарабынан төлөнгөн (Күбөлүк №97, 10.08.2020-жыл).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан