"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берди. Маалыматты партиянын басма сөз кызматынан ырасташты. Ошондой эле бул боюнча партиянын лидери Адахан Мадумаров маалымат жыйында кеңири айтарын кошумчалашты.
Азырынча маалымат жыйын качан болору белгисиз.
3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, анда БШКнын жумушчу тобу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин түзүүдө катачылык кеткендиги үчүн каттоодон баш тартуу сунушун берген. БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдогон.
Буга чейин экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган. Анда Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген талапкерлердин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан. 2-сентябрда БШКнын жыйынында эск-депутаттын арызы каралып, ал канааттандырылган эмес.