"Ааламга кеткен жол айылдан башталат"

“Ааламга кеткен жол айылдан башталат” демекчи, айыл жергесинен ааламга аты чыккан улуу инсандар, мекен үчүн опол тоодой эмгек кылган не бир таланттуу адамдар чыккан эмеспи. “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов баштаган партиянын татыктуу талапкерлери 4-сентябрь күнү алыскы Ак-Талаа районуна барышты. Кыргыз элинин колдоосуна татыган эң таза, жаратман партиянын лидери Жеңиш Өмүргазиевич дал ушул айтылуу Ак-Талаа районунун кулуну экенин жалпы эл жакшы билет. Демек, “Замандашчылар” бул алыскы райондон үгүт иштерин баштап жатканы бекеринен эмес. Ак-Талаанын эли өз уулу Жеңиш мырза баштаган талапкерлерди абдан жылуу кабыл алып, кучак жайып тосуп алышты. Бул райондун бир топ жаштары “Замандашчыларды” ат минип коштоп жүрүштү.

Жеңиш мырза 9 жашында айрылган атасынын кабырына барып, арбагына таазим кылып, куран окуду. Чынында Ак-Талаа эли үчүн “Замандаш” партиясынын үгүт иштери дал ушул райондон башталганы абдан кубанычтуу жана тарыхый окуя болуп калды десек жаңылышпайбыз. Биринчиден, бул партияны 2015-жылдан бери ушул даражага жеткирип, аброюн көтөргөн Жеңиш Молдокматов ак-талаалыктардын эле эмес, бүткүл кыргыз элинин сыймыктанган уулу. Экинчиден борбор шаарыбыздан алыс жайгашкан бул райондон бир топ жылдан бери бир да адам Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлана элек. Ушундан улам, ансыз да шарты катаал Ак-Талаа районунун көйгөйлөрү чечилбей көз жаздымда калып келет. Мына ошондуктан, ак-талаалыктар Жеңиш мырзадай камчыга сап уулун Жогорку Кеңештен көрүүнү көптөн бери эңсеп келишкен.

“Замандаштын” лидерлери Жеңиш Молдокматов, партия негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун жубайы Чынара Шейшекеева, Умбеталы Кыдыралиев, Айсулуу Мамашова жана башка талапкерлер калың эл менен жолугушуп, партиянын программасын айтып беришип, элдин көйгөйүн угушту.

Жеңиш Молдокматов сөз кезегинде буларга токтолду:

- Мухтар Өмүракунов партияны түзүп жатып, сыртта жүргөн өзүнүн боордошторун көрүп, “мекениме жардамым тийсе экен” деп тилек кылды эле. Өзгөчө пандемиянын айынан мамлекетти өнүктүрүү боюнча, мыкты реформалар жасалышы керектигин ачык көрүндү. Биздин карыялар да өнүккөн мамлекеттердин карыяларындай, эл-жер кыдырып, саякаттап, татыктуу карылыкты өткөрүшү керек. Өлкөбүздө дүйнөлүк стандартка жооп бере турган мектептер курулушу керек. Биздин катарда кесипкөй, професионалдуу мугалимден баштап генералдарга чейинки өз ишин мыкты билишкен талапкерлер бар. Шайлоо деген күрөш, бул шайлоодо жеңишке жетебиз деген максатта шайлоого аттанып жатышат. «Замандаш» он жылдап кылган эмгеги жана тарыхы бар таза партия, биз куру убадаларды бербейбиз. Биз берген убадаларыбызды толук аткарабыз. Мамлекетибиздин өнүгүүсүнө биз салым кошпосок, ким салым кошот? Урматтуу элим, добушуңарды акчага сатпагыла! Сиздердин добуш жалпы элибиздин келечеги. Келечегибизди 2-3 миң сомго баалап, соодалашпаңыздар. Чынында мамлекетибиздин келечеги сиздердин колуңуздарда. Ар дайым биримдикте болуп, өлкөбүздү бирге өнүктүрөлү, урматтуу асыл элим!

Жеңиш мырза баштаган талапкерлер райондогу ар кандай көйгөйлөрдү чечүү жолдорун райондун тургундары менен бирге талкууга алышты.

Аткаруучу: "Замандаш" саясий партиясынын маалыматтык штабы.
Дареги: Бишкек шаары, Жал кичи району 23, 28.
Кардар: "Замандаш" саясий партиясы.
Нускасы: 3.
2020-жылдын 4-сентябрында өндүрүлгөн.
"Замандаш" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
Абылова Гүлнара Буларбековна тарабынан төлөнгөн (Күбөлүк №97, 10.08.2020-жыл).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан