"Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү – жаратман жана бир пикирдеги санаалаштары. Партия мүчөлөрүндө саясий ишмердик жана башка ар кайсы тармактар боюнча, мамлекеттик башкаруудан тарта жумуш орундарын түзүүгө чейинки иште зор тажрыйбасы бар. Жашыбызга, жынысыбызга, улутубузга, диний ишенимибизге жана тек-жайыбызга карабай бизди жалпы бир түшүнүк – Кыргызстанды кантип ар бир жаран үчүн ыңгайлуу өлкөгө айлантабыз деген ой бириктирди.
Коронавирус пандемиясынан кийин азыр дүйнө жүзү менен катар Кыргызстанда да системдүү туташ кризиси байкалууда. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын программасында андан тез арада чыгуунун бир канча жолу каралган. Биз бул багытта өлкөдөгү бардык конструктивдүү саясий күчтөр, жарандык коом жана жер-жерлердеги лидерлер менен иштешүүнү каалайбыз жана даярбыз. Себеби "Мекеним Кыргызстан" – бул ар бир кыргызстандыктын партиясы.
"Мекеним Кыргызстан" партиясы өлкөдөгү кырдаал боюнча такай социологиялык мониторинг жүргүзүп турат. Кыргыз элин кандай негизги көйгөйлөр түйшөлтүп жатканына биз дайыма абай салып турабыз.
"Мекеним Кыргызстандын" командасында ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялар бар.
"Мекеним Кыргызстан" партиясынын максаты:
Приоритеттери:
Принциптери:
Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан "Мекеним Кыргызстан" партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.