Шайлоого карата Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин иштөө убактысы узартылды

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин иштөө убактысы 21:00гө чейин узартылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Мындай чечим чет өлкөлөрдө убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылат.

"БШКнын жумушчу тобу 2020-жылдын 19-сентябрына чейин дем алыш күндөрдү кошо алганда Москва шаарында жайгашкан Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин иштөө мөөнөтүн кечки 9га чейин узартты. Жарандар шайлоого катышуу маселелери боюнча элчиликке кайрыла алышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан