Бүгүн, 18-сентябрь күнү Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык эркин күрөш балбаны Иннокентий Иннокентьев (74 килограмм салмакта) килем үстүнө чыгат. Кыргызстандык балбан мелдештин 1/32 финалында словакиялык Дан Палинкаска каршы күрөшөт. Беттеш Бишкек убактысы менен 17:00 башталат.