Ибрагим Жунусов, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер: "Мигранттарды мекенине кайтаруу үчүн маянасы жакшы жумуш орундарын түзүү зарыл"

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Ибрагим Жунусов эмгек мигранттарын кантип өлкөгө кайтаруу керек экендигин айтты.

- Саламатсызбы Ибрагим мырза, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасында эмгек мигранттарын өлкөгө кайтаруу маселеси көтөрүлдүбү?

- “Мекеним Кыргызстан” партиясы эмгек мигранттарын мекенине кайтарууну көздөйт. Учурда Орусия менен кошуна Казакстанда эле миллиондон ашуун мекендештерибиз иштейт. Аларды мекенине кайтаруу үчүн албетте маянасы жакшы жумуш орундарын түзүү зарыл. Аталган партиянын шайлоо алдындагы программасында дал ушул маселени чечүү жолдору да каралган. Кыргызстанда акыркы 10-15 жылдан бери жумуш издеп сыртка агылгандардын агымы күч. Өлкөдө жумуш жоктугунан, болсо да айлык акысы аздыгынан улам жыл сайын жүздөгөн адамдар, негизинен жумушка жарамдуу жарандарыбыз бактысын башка өлкөлөрдөн издеп кетүүдө. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер, буга чейин Түркия менен Өзбекстанда элчилик кызматтарда иштеп келдим. Эң башкысы миграция маселесинде алгач мигранттардын келечегин ойлоо зарыл. Алсак, мигранттардын киреше салыгы мамлекеттин казынасына келип түшө турган долбоор иштеп чыгып, кошуна мамлекеттер менен келишим түзүү керек. Ошондо гана кыргыз мигранттары келечекте татыктуу пенсия ала алат. Мындай келишим буга чейин Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн деди Ибрагим Жунусов.

Эске сала кетсек, “Мекеним Кыргызстан” партиясы шайлоо алдындагы программасында мигранттардын маселесин көтөргөн.

Мекендин кадыры алыстан билинет.

- Активдүү эмгек миграция акыркы он жылдыкта постсоветтик аймакта трендге айланды. Бул биринчи кезекте мигрант өз мекенинин социалдык-экономикалык абалына байланыштуу татыктуу айлык төлөгөн жумуш таппай жатканынан келип чыкты. Кыргызстан болсо негизинен Орусия менен Казакстанга жумуш күчүн жиберчү өлкөгө айланып калды.

Мамлекет эмгек мигранттарынын агымынын өсүшүн өлкөнүн нормалдуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук үчүн коркунуч катары карашы зарыл.

«Мекеним Кыргызстан» өлкөнүн миграция саясатында эмгек миграциясын азайтууга жана мигранттардын мекенине кайтуусуна шарт түзгөн жаңы стратегия зарыл деп эсептейт. Жаңы стратегия эмгек мигранттарын коргоо жана ар тараптуу колдоонун так механизмдерин аныкташы керек.
Аны иштеп чыгуу үчүн мигранттар коомчулугунун жана ушул багытта тажрыйбасы бар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумуш тобун түзүү зарыл.
Ошол эле учурда биз башка өлкөлөрдө туруктуу жашаган мигранттар жана мекендештер үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт:

- Чет өлкөлөрдө таанылган диаспора лидерлерине ардактуу консул макамын ыйгаруу;

- Башка өлкө жарандыгын алган мекендештерибизге Кыргызстанда өз жарандары менен бирдей, тоскоолдуксуз экономикалык ишмердик жүргүзүү укугун берген атайын карта – «Мекен Карт» берүү;

- Мекенинде бизнес ачууну каалаган мекендештерге Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан насыя алуу жол-жоболорун жеңилдетип берүү;

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарына эмгек мигранттарынын – мекендештердин укуктарын коргоо маселесин киргизүү.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Anikin83
2020-09-07 16:31:59
Булар уялбайт экен да элди алдагандан,мурда депутат болду эмнени кыйратты
+4
Alinur96kg
2020-09-07 19:13:00
Шайлоону бир жылда бир откорсок бат эле онугуп кетчудойбуз.Бары же жогу билинбеген Ибрагимден соз чыгып калыптыр.
+5
Kuttubek8483
2020-09-07 22:07:10
Мигранттарга жумуш ордун эмес. Мекенге кайтууга шарт тузуп бергиле биринчи
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан