Марлен Маматалиев, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер: "Бири-бирин кайталаган министрликтер менен ведомстволордун жана көп сандаган аткаминерлердин санын кыскартуу керек"

Бири-бирин кайталаган министрликтер менен ведомстволордун жана көп сандаган аткаминерлердин санын кыскартуу керек. Мындай чечкиндүү сунуш "Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы программасында камтылган. Аталган партиядан Жогорку Кеңешке шайлоого аттанып жаткан талапкерлер бардык мамлекеттик башкаруу органдарында кардиналдык реформа зарыл деп эсептейт.

Мамлекеттик кызматкерлердин саны кеминде 9000 адамга кыскарышы керек. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын парламентке бараткан талапкерлердин пикиринде, мамлекеттик башкарууда бири-биринин функцияларын кайталаган органдар көп. Талапкерлердин бири Марлен Маматалиев коронавирус пандемиясы бул тармакта орчундуу маселелер бар экенин ачык-айкын көрсөтүп койгонун айтат: "Биз чоң кызматта отурган аткаминерлердин кызматын башка министрликтер да кайталап аткарып жатканын көрүп жатабыз. Буга байланыштуу биз өкмөттүн аткарган иштерине ким жоопкерчиликти аларын билбей калдык", - дейт Марлен Маматалиев.

Эксперттердин айтымында, бүгүнкү күндө мамлекеттик башкаруу системасы эффективдүү эмес жана баш аламан иштеп жатат. Тилекке каршы бул системаны эгемендүүлүктү алган жылдардан бери жакшыртууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Мамлекет каражаттарды абдан туура эмес колдонуп жатат. Бюджеттеги акчалар билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарына эмес, түшүнүксүз жактарга кетип жатат. Бул мамлекеттик башкарууга бөлүнгөн чыгымдар”, - деди экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлДжайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «МекенимКыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебиненкаржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан