"Бүтүн Кыргызстан" шайлоого катышабы? Соттук имараттын алдына эл топтолду (фото)

Бүгүн, 7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы каралат.

Учурда партиянын тарапташтары чогулууда. Келгендер колдоруна партиянын желегин кармап, биргеликте "Бүтүн Кыргызстан" партиясын колдоп кыйкырып жатышат. Митинг уланып жатат, коопсуздук милиция коргоодо.

БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан