Кабагы салыңкы. Адахан Мадумаров райондук сотко кирип кетти (фото)

Бүгүн, 7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы "Бүтүн Кыргызстандын" доо арызы каралат.

Сотко партиянын лидери Адахан Мадумаров келип, кирип кетти. Учурда сот отуруму баштала элек. Сот имаратынын алдына партиянын тарапташтары чогулууда.

БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан