Бүгүн, 7-сентябрда сотто "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы жазган арызы каралат. Отурумга келген партия лидери Адахан Мадумаров төмөнкүдөй оюн билдирди.
"Кыргыз өлкөсүндө соттон кандай чечимди күтсө болот? Көңүлдөрүнө кандай туура болсо, кандай тапшырма болсо ошого жараша чечим болот да. Кыргыз соту кыргыздын мыйзамдарына карата чечим кабыл ала албайт да. Бирок эстерине келиш керек, бүгүн тагдыр менен ойной турган мезгил эмес. Биз БШКдан да күткөн эмеспиз да, башында каттады, андан соң буйрук берилип анан чечими өзгөрүлүп кетти. Биз укугубузду коргоо үчүн бардык мыйзамдуу жолдорго барабыз", - деди партиянын лидери.
БШКнын жыйынында жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" партия "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын каттоодон баш тартышкан.