Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектин Административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын арызы каралууда. Партия Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен макул эместигин билдирип, сотко кайрылган. Учурда сот отуруму өтүп жатат. Бул арада сыртта партияны колдогондор топтолду.
БШК "партия тизме түзүүдө катачылык кетирген" деген жүйөө менен партияны каттоодон өткөрбөө чечимин чыгарган болчу. Ага чейин саясатчы Турсунбай Бакир уулу бул партиянын курултайына катышып, тизмеге киргенмин, бирок БШКга берилген тизмеден алынып калдым деп кайрылган.
Бүгүнкү соттук отурумга Турсунбай Бакир уулу да келди. Сырттагы адамдар аны "ызы-чуу жаратуу үчүн келди" деген сөздөр менен тосуп алышкан. Мындан тышкары "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев да келип, "Бүтүн Кыргызстанды" колдой турганын айтты.