Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоого аттанып жаткан партиялардын тизмесинде катталган кээ бир талапкерлерди андан чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, талапкерлер партиялар берген арызынын негизинде тизмеден алынган.
Маалыматта бул чечим “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 6-7-18-беренелеринин негизинде, партиялардын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алынганы айтылат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген.