Шайлоо-2020: БШК социалдык тармактагы саясий жарнама боюнча Фейсбук менен кызматташат

БШКнын жетекчилиги менен Фейсбук социалдык тармагынын өкүлдөрү онлайн форматтагы жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Фейсбукта саясий жарнаманы жайгаштыруу, аны маркировкалоо жана түйүндө жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн булагын аныктоо маселелери талкууланганы айтылат.

Онлайн форматтагы жолугушууга БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, БШКнын маалымдоо жана үгүт иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева, БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков катышты. Ал эми Фейсбук тарабынан жолугушууга Мамлекеттик саясат маселелери боюнча менеджер Кавита Канхи жана Фейсбуктун шайлоонун тазалыгын камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Наташа Жог катышты.

"Жолугушуу учурунда Фейсбук өкүлдөрү түйүндүн инсанды тийиштүү документтердин жардамы менен тастыктоо жолу аркылуу колдонуучуларды идентификациялоого байланышкан саясаты тууралуу маалымдап, мында кайсы аккаунтта кандай адам катталгандыгы так белгилүү боло тургандыгын айтышты. Ошондой эле алар бардык саясий жарнама www.facebook.com/ads/library/report дарегинде жайгашып, жарнама китепканасына топтолорун белгилешкен. Ал китепканада Кыргыз өлкөсү боюнча 879 жарыя топтолгон, аларга жалпысынан 3 737 доллар каражат жумшалган. Китепканада ошондой эле жарнамага акы төлөгөн жеке инсандар менен партиялар жөнүндө маалымат да чагылдырылат", - деп айтылат маалыматта.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова төмөндөгүлөргө токтолгон.

"Фейсбук тарабынан саясий жарнамалар жайгаштырылып жаткан аккаунттарды верификациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар Фейсбуктун шайлоонун таза өтүшүнө кошуп жаткан салымы деп эсептейбиз. Тигил же бул партиянын же талапкердин саясий жарнамасын каржылоонун ачык-айкындуулугуна көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Партиялар өз кезегинде верификация жол-жоболорунан өтөт, бул болсо алардын фейк аккаунттарга каршы күрөшүнө жардам берет".

Тараптар ушул маселени чечүү боюнча мындан ары да байланышта болуу жөнүндө макулдашып, ошондой эле жаңыдан түптөлүп келе жаткан жемиштүү кызматташтык үчүн бири-бирине ыраазычылыгын билдиришкени маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан