Шайлоо-2020: Сот "Актив" партиясынын БШКнын үстүнөн берген доо арызын канааттандырган жок

Бишкек шаарынын административдик соту "Актив" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 3-сентябрдагы чечимин мыйзамсыз деп таануу жөнүндөгү арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда соттун чечими кабыл алынган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кире тургандыгы айтылган.

"Чечим кабыл алынган күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде "Актив" партиясы Жогорку Сотко кассациялык даттануу берүү мүмкүнчүлүгү бар", - деп айтылат маалыматта.

БШК 3-сентябрда өзүнүн чечими менен "Актив" саясий партиясын каттоого берилген документтерди текшерүү учурунда төмөнкү мыйзам бузууларды аныктаган:

1) талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия өкүлчүлүктү эске алышы керек болгон талаптарга ылайык, "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 60-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын талаптары аткарылбаса:

- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайызынан ашпоосу керек, мында саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн аялдар менен эркектердин талапкерлердин тизмесиндеги ырааттуулук үч позициядан ашпоосу керек.

2) "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун талаптары аткарылбаса, анда Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документти берүү талаптары белгиленген.

"Актив" партиясынын БШКнын үстүнөн берген доо арызы кечээ, 7-сентябрда Бишкектин административдик соту тарабынан каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан