Шайлоо-2020: Москвада шайлоого карата блогерлер, активисттер жана диаспора өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү

Москва шаарында күзүндө өтө турчу шайлоого карата жаш лидерлер, блогерлер жана кыргыз диаспоралык уюмдарынын активисттери жолугушуу өткөрдү. Иш-чара Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Жолугушууга 40ка жакын кыргыз диаспораларынын уюмдарынын өкүлдөрү катышканы маалымдалат.

"Жолугушууда элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымдалды. Анда консулдук бөлүмдө жарандарды кабыл алуу үчүн "терезелерди" кеңейтүү, консулдук дистанттык каттоонун механизмин иштеп чыгуу, урналар жана биометриканы чогултуу үчүн жетиштүү жабдуулар бар экендиги жөнүндө маалымат берилди.

Активисттер жана блогерлер электрондук онлайн добуш берүү программасын түзүү жана шайлоо участокторун элчиликтин жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын имараттарынын чегинен тышкары жерлерде түзүлүшү үчүн шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин өзгөртүү жөнүндө зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге электрондук кезек түзүү жана дистанциялык консулдук каттоодон өткөрүү боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашышты.

Диаспоранын сунушун эске алып, шайлоочулар кыйла көбөйгөн учурда Москвадагы элчиликтин шайлоо участкаларын кошумча 10 урна менен камсыз кылуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын БШКсына жөнөтүү чечими кабыл алынды" , - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 8-сентябрына карата элчиликте 4 миң 774 жаран консулдук каттоодо турат, алардын ичинен 2 миң 149у жашы жете элек балдар. Орусияда шайлоочулардын тизмесине 2 миң 625 жаран катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaGaH
2020-09-09 09:44:17
Жалан дежурный Арзыматтар катышыптыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан