Канат Аманкулов, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: “Элибиз жакшы жашоого татыктуу жашаш үчүн биздин партия бардык аракеттерди жасайт”

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Канат Аманкулов 1966-жылы Чүй облусунун Алмалы айылында туулган. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча аяктаган. СССР Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн. Университетти аяктаары менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, коммерциялык фирманын юрист консультанты болуп эмгектенген. 5 жыл бою Чүй облусунун прокуратурасында, андан соң Башкы прокуратурада үзүрлүү эмгектенип, республиканын башкы прокурорунун орун басарына чейинки кызмат орундарын ээлеген.

2011-жылдан тартып 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы болуп иштеген. Ал эми 2016-жылдын 6-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган.
Канат Аманкулов - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, жеңил атлетика боюнча бир нече басылмалардын автору. 2005-жылдан тартып Жеңил атлетика боюнча федерациясын жетектеп келет, Азиянын Олимпиадалык кеңешинин мүчөсү. Партиянын IV съездинде чыгып сөз сүйлөп жатып, өз талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттыгына биринчи жолу коюп жаткандыгын айтты. Коронавирус пандемиясынын учурунда жаштардын волонтёрлук уюмдарынын иш-аракеттерин координациялаган. Кезектеги маекте “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Канат Аманкулов.

– Саламатсызбы? Канат мырза, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер экенсиз, партиянын программасы тууралуу айтып берсеңиз.

– «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы мыкты түзүлгөн, себеби анда социалдык саясатты өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар камтылган. Ошондон улам партиянын жеңип чыгарына толук ишенем.
Пандемия көптөгөн адамдардын көз карашын өзгөрттү. Коомубуз, анын ичинде элибиз, ошондой эле жаштар, дарыгерлер, мугалимдерибиз пандемия учурунда биримдиктин эң мыкты үлгүсүн көрсөтө алды. Элибиз жакшы жашоого татыктуу. Бул үчүн партиянын мүчөлөрү колдон келген бардык аракеттерин жасайт деп ишенем. Баса, депутат деген сөз шайлануучу, башкача айтканда, кайсы бир тапшырмаларды аткаруу үчүн ыйгарым укук алган адам дегенди билдирерин белгилей кетким келет. Биз, депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткандар, жеңишке жетип калсак, жеке милдетибизди сезе билип, элибиз берген тапшырманы так аткарууга милдеттүү экендигибизди эсибизден чыгарбашыбыз керек.

– Программада жаштарга үлгү боло турган маанилүү сунуштар барбы?

– Жаштарыбыздын «улуулардын тажрыйбасы – жаштардын энергиясы» деген урааны, биримдиги партиябыздын тренддеринин бири болуп саналат. Элибизде бекеринен «көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет» деп айтылбаса керек. Биздин партия жеке максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон аянт эмес, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аракеттенүүчү талапташтардын союзу экендигин калың элге далилдеп берүүбүз абзел.


Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jibakana
2020-09-08 17:00:45
Допутат болгуча эле да э?депутат болгондон кийин Элдер кандай жашашты озунор билгил,ал силердин жашоонор дейсинер да э?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан