"Замандаш" саясий партиясынын "Келечек 4.0." - өндүрүштүк революциялык программасы

«Замандаш» партиясы Кыргызстандын экономикалык, соода-сатык жана экономикалык көз карандысыздыгына багытталган саясат жүргүзүүнү көздөйт. Дүйнөлүк өндүрүш революция жасоо идеясына негизделген «Келечек 4.0» декларациясы аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана инновациялык экономиканы өнүктүрүү каралган. Декларация төмөндөгүдөй багыттардан турат:

1) Бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү
Биздин максат – өлкөнүн бардык жарандарынын материалдык жана руханий бейпилчилиги. Биздин артыкчылыктар:
• Билим берүүчү жана маданий программаларга каржылык колдоо;
• Калктын аярлуу катмарына (жумушсуздар, пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелгендер) колдоо көрсөтүү;
• Үй-бүлө институтун, эне, ата, баланы колдоо;
• Элдин саламаттыгын жана эмгегин коргоо;
• Кирешелерди кайра бөлүштүрүү аркылуу социалдык теңсиздикти жоюу;
• Элдердин биримдиги.

2) Инновациялык өлкө
Биздин максат – Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн шарт түзүү. Инновацияларды экономикалык өсүүнүн негизи кылуу. Биздин артыкчылыктар:
• Колдонмо илимдерди жана венчурдук бизнести өнүктүрүү;
• КР аймагы боюнча жогорку ылдамдыктагы интернет. Өнүккөн IT;
• Инновациялардын туруктуу агымын түзүү;
• Технологиялык жакшыруу;
• Жогорку технологиялык өнүм өндүрүү;
• Ойлоп табуучулардын жана окумуштуулардын интеллекти аркылуу киреше түзүү;
• Интеллектуалдык жеке менчикти коргоо;
• IT-технологиялардын паркын түзүү.

3) Жашыл экономика
Биздин максат – жашыл экономиканы Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү маанилүү факторго айлантуу. Ал эми Кыргызстанды экологиялык таза өнүм өндүрүүнүн аймактык борбору кылуу. Биздин артыкчылыктар:
• Экологиялык таза азык-түлүк жана керектөөчү товарларды өндүрүү;
• Энергоэффективдүүлүк жана жоготууларды кыскартуу;
• Сууну үнөмдөө;
• Альтернативдүү, жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү; Электротранспортту өнүктүрүү;
• Таштандыларды азайтуу жана кайра иштетүү.

4) Гумандуу өлкө
Биздин максат – өлкөдөгү кылмыштуулукту азайтуу, мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу. Биздин артыкчылыктар:
• Күнөөлүү өзүнүн актыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк ала алган укуктук система;
• Көз карандысыз сот системасы;
• Коомдун бардык мүчөлөрүн башка мүчөлөр тарабынан кемсинтилишинен коргоо;
• Коомдогу баалуулуктар көрсөткүчүн карап чыгуу;
• Жеке потенциалды ишке ашыруу жана бирдей мүмкүнчүлүктөр;
• Аймактардагы жаштардын алектенүүчүлүгүн жогорулатуу, жумушсуздук менен күрөшүү;
• Спортту өнүктүрүү;
• Бизнес инкубаторлордун институту жана чоңдор үчүн билим берүүчү борборлор.

5) ЕАЭБдеги татыктуу орун
Биздин максат – ЕАЭБ менен мындан аркы терең интеграция. Бул биримдиктин мүчөсү катары бардык артыкчылыктарды колдонуу менен кыргызстандыктардын жашоо-шартын жакшыртуу.
• Евразиялык экономикалык жолдо экспорттук соода-логистикалык чынжырча түзүү;
• ЕАЭБ алкагындагы билим берүүчү мекемелерге кадрларды максаттуу даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча түзүмдөрдү киргизүү;
• ЕАЭБ алкагында “чек арасыз жумуш издөө” электрондук түзүмүн киргизүү;
• Эмгек мигранттары үчүн юридикалык колдоо жана ЕАЭБ аймагында адаптация болуусуна шарт түзүү;
• ЕАЭБ өнөктөштүгү алкагында программаларды биргеликте ишке ашыруунун негизинде илимий-техникалык интеграция;
• Айыл-чарба өндүрүшчүлөрүнө өнүмүн түз ЕАЭБ алкагындагы рынокко чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турган электрондук айыл-чарба биржасын түзүү;
• Кыргызстандын логистикалык борборлорун ЕАЭБдин бирдиктүү логистикалык түзүмүнө кошуу;
• Кыргыз айыл-чарба өнүмүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүгүртүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу;
• Кыргыз инвестицияларын ЕАЭБ өлкөлөрүндө, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү инвестицияларды Кыргызстанда коргоо.

6) Эркиндик
Биздин максат – жарандык эркиндикти камсыздоо. Адам укуктарынын бардык деңгээлдерде сакталышына шарт түзүү. Биздин артыкчылыктар:
• Көз карандысыз ЖМК;
• Сөз эркиндиги, диний эркиндик;
• Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын укугун коргоо;
• Экономикалык эркиндик;
• Салык жүгүн төмөндөтүү;
• Бюджетке салыктан тыш түшүүлөрдү көбөйтүү.

7) Элдик бийлик
Биздин максат – эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн. Биздин артыкчылыктар:
• Бийликтин ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлери;
• Өкмөттүн эл алдындагы отчёттуулугу;
• Мамлекеттик органдардын айкындуулугу;
• Коррупциянын себептерин жоюу;
• Өкмөттү оптимизациялаштыруу;
• Башкарууну санариптештирүү;
• Административдик-аймактык реформа;
• Жергиликтүү бирикмелердин активдүүлүгүн күчөтүү.
«Келечек 4.0» декларациясы – дүйнө менен бир катарда болуу үчүн убакыттан алдыда болуу.
"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12-үй. Чыгарылган күнү «8» сентябрь 2020-ж.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан