"Замандаш" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан алдыңкы 10 талапкер

«Замандаш» партиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады. Жалпысынан 156 талапкер катталган, алардын көпчүлүгү калың элге таанылган инсандар экенин эл өзү көрүп, баамдап жатат. Партиянын курамына саясатты, экономиканы терең билгендер, күч органдарынын генералдары, ийгиликтүү ишкерлер, дарыгерлер, мугалимдер, бир канча тилди өздөштүргөн жаштар, дегеле өз ишин мыкты билген инсандар топтолгон.

№1 Жеңишбек Молдокматов

Алгачкы билимин Венгрияда алган, кийин Нарын мамлекеттик университетинин экономика жана мамлекеттик башкаруу адистигин аяктаган. Кыргыз, орус, англис жана испан тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар. 2015-жылы "Замандаш" партиясына кошулуп, партиянын тең төрагасы болгон. Көп жылдар бою мигранттардын укуктарын коргоо боюнча иштерди жүргүзгөн. Карантин учурунда автоунаасын сатып, чет мамлекеттерден Кыргызстанга келе албай жаткан мекендештерибизди үйлөрүнө кайтууга жардам берген. 2018-жылы Жеңишбек Молдокматов "Замандаш" партиясын жетектеп баштаган. Жетим-Тоо жана Сандык кендеринин Кытайга берилишине каршы чыккан.

№2 Дмитрий Конов

Лингвист. Францияда окуган. Француз, англис жана итальян тилдеринде эркин сүйлөйт. БААУда, КУУда жана КМУда "Франция жана Европанын массалык маалымат каражаттары" жана "Франциянын экономикасы" темаларында лекция окуйт. Кыргызстандын Франциядагы элчилигинде, Климаттык өзгөрүүлөр борборунда, Эл аралык кызыл крест комитетинде эмгектенген.

№3 Мелис Турганбаев

Укук коргоо органдарында 35 жылдан ашуун иштеген. Бишкек ИИБин жетектеген. Ички иштер министрлигинде патрулдук милицияны, Бишкекте түнкү милицияны негиздеген. Шаардыктар жактырган «Коопсуз короо» долбоорун ишке ашырган. 2014-2016-жылдары ички иштер министри болгон. Министр болуп турганда, №50-абактан качкан террористтерди жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзгөн. Ошондой эле ондогон реформалык багыттагы иштерди ийгиликтүү ишке ашырган. Спорт чебери. 2019-жылы ардагерлер эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталган. Акыркы 1,5 жылдан бери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп, кыска убакыттын ичинде көптөгөн көйгөйлөрдү чечти. Ал бул кызматта ички коопсуздук кызматын түзүп, 7 миллион сомдук коррупциялык иштин бетин ачкан. Түрмөлөрдөгү 14 өндүрүштүк ишкананы талапка ылайык иштеткен. Ал ишканаларда бир жылда 192 миллион сомдук ар кыл продукция өндүрүлгөн.

№4 Шейшекеева Чынара

"Замандаш" партиясынын негиздөөчүсү Мухтарбек Өмүракуновдун жубайы. Жолдошунун иштерин улантуучу. Коомдук иштерге активдүү катышып келет. "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген “Бешбармак” долбоорунун демилгечиси. Ошондой эле кыргыздын каада-салтын жайылткан "Кырк кыз" долбоорун уюштурган. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп турганда ар кандай мекемелердеги көптөгөн коррупциялык схемалардын, керексиз комиссиялардын бетин ачып, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланганга күчүн жумшаган. №1 төрөт үйүнө таандык аймакты, курулуш компаниясы менен суйлөшүүлөрдү жүргүзүп, муниципалитеттин балансында калтырууга жардам берген. Төрт баланы тарбиялап, татыктуу тарбия берип келет.

№5 Кыдыралиев Умбеталы

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигин жетектеген. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты болгон.

№6 Капаров Мырза

Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн, кесиби юрист. Юстиция министрлигинде, өкмөттүн жана президенттин аппаратында жалаң мыйзамдарга байланыштуу бөлүмдөрдө узак жыл иштеген. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси. Мыкты жеке ишкер, ишкерликте көптөгөн ийгиликтерди багынткан. Кыйын учурларда мезгилинде эл менен бирге болуп, жардамга муктаж адамдарга кайрымдуулук иштерин жасаган. Маселен, Самансур, Көк-Ойрок айылдарындагы 177 үй-бүлөгө учурунда жардам берген.

№7 Абдыхалыков Нурлан

10 жыл Россияда мигрант болуп эмгектенип, жөнөкөй эмгек мигрантынан ийгиликтүү ишкер болгонго жетишкен. “Араван автовокзал” ишканасынын ээси. Кыргызстан эл аралык жана Кыргыз-өзбек университеттеринин бүтүрүүчүсү. Ишкерликте көптөгөн ийгиликтерди жаратып, жалпы 400дөн ашуун адамды жумуш менен камсыз кылып келет. Кайрымдуулук иштерине да кайдыгер карабай, жардамга муктаж 2 үй-бүлөгө үй куруп берген. Айылына мечит салып, пандемия маалында элди медициналык каражаттар менен камсыздаган, жердештери менен чогуу “Тез жардам” унаасын алып берген. 2012-жылдан бери Араван районундагы А.Анаров атындагы айылдык кеңештин депутаты. Үй-бүлөлүү, 3 кыз, 3 уулдун атасы.

№8 Мамашова Айсулуу

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын эң жаш депутаты. Үй-бүлөлүк бизнестин жоопкерчилигин өз моюнуна алып, 18 жашында жеке ишкананын директору болгон. Жаш кезинде эмгектенгенден качпай, официант, бухгалтер болуп иштеген. Ишкерликте да көптөгөн жетишкендиктерге жеткен. Музыкалык мектептин фортепиано классын аяктаган. Жогорку Кеңеште эң активдүү, таза депутаттардын сап башында болду. Маселен, ал парламентте мөңгүлөрдү жок кылууга багытталган мыйзам долбоорлоруна каршы чыгып, башка кесиптештерине үлгү көрсөткөн. Ошондой эле социалдык жана улуттун саламаттыгына багытталган көйгөйлүү маселелер боюнча мыйзамдарды жазган. Маселен, медициналык жеке гемодиализ борборлорду салыктан бошоткон. Азыр бул медициналык кызматтар жеткиликтүү жана арзан. Демократияны колдоп, сөз эркиндигин чектөөгө каршы чыккан саналуу депутаттардын бири. Үй-бүлөсүндө сүйүктүү жар, эки баланын энеси.

№9 Амракулов Мавлян

Адистиги боюнча технолог-механик. 24 жашында Ош облусу боюнча эң жаш башкы инженер болгон. Учурда жеке авиакомпаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү. Жогорку Кеңештин иш башкармалыгын 2 жыл жетектеген мезгилинде парламенттин мыйзамсыз менчиктелип кеткен бир катар баалуу мүлктөрүн мамлекетке кайтарган. Биринчилерден болуп чет элдик завод курган, Италиянын томат өндүргөн заводун Шамалды-Сайда куруп, экономикага чоң салым кошкон. Ишкана 10 миңден ашык дыйкандын продукциясын сатып алып турган. Кичи мекенинен жардамын аябай, Ноокен районунун Сакалды айылынын инфраструктурасын оңдоого ишкер катары чоң салым кошуп келет. Мавлян Амракулов командасы менен башка өлкөдө каза болгон мигранттардын сөөктөрүн акысыз алып келип турган. Ал кезде өкмөттүн компенсация төлөп берүү боюнча токтому чыга элек болчу.

№10 Араев Азамат

Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык укук адистиги боюнча бүтүрүүчүсү. Э.Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин Академиясын кызыл диплом менен аяктаган. Азамат Араев 20 жашынан бери мамлекеттик кызматтарды аркалап келет. Буга чейин Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Өкмөт аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн жетектеген. Профессионалдык ишинде резонанстуу, эл аралык деңгээлдеги 10 кылмышты ачыктаган. Алардын ичинен жетөө Россия жана Казакстандын ИИМи менен бирге ишке ашырылган. Спорттун теннис, футбол, шахмат, дзюдо, самбо түрлөрү менен машыгат, эркин күрөш боюнча спорт чеберчилигине кандидат. Үй-бүлөлүү. Бир уул, эки кыздын атасы.

"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12-үй. Чыгарылган күнү «8» сентябрь 2020-ж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан