Жаныбек Исаев: "Биз алдыдагы 5 жылга чоң, бирок аткарыла турган максаттарды койдук"

Элдин сүймөнчүлүгүнө айланып, чоң колдоосуна татыган айтылуу “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Жаныбек Исаев баштаган партиянын мүчөлөрү жана жаштар канаты, партияны колдогон бир топ талапкерлер Нарын облусунун Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу өткөрүштү.

Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда эл арасынан суурулуп чыккан талапкер Жаныбек Исаев “Кыргызстан” партиясынын шайлоого бара жатканынын максаты бул өлкө экономикасын өнүктүрүүдө көптөгөн жетишкендиктерге жетип, кыргыз элинин өнүгүшү үчүн талыкпай иштеп, ата-бабалардын аманатын аткарып, келечек муундардын жашоо деңгээлин жакшыртууну каалай турганын айтты.

“Кыргызстандын эли өнүгүү үчүн чексиз потенциалга ээ. Бирок эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда миңдеген мамлекеттик программалар жана иш-аракеттер, пландар кабыл алынган. Тилекке каршы, ал программалардын бардыгы толугу менен аткарылбагандыгын, кээ бир пункттары акылга сыйбас, кээ бирлери ишке ашпай турган, башкалары биздин өлкөгө ылайыксыз болуп, башка мамлекеттерден көчүрүлгөндүгүн унутпашыбыз керек. Өлкөнүн акыркы жылдардагы басып өткөн жолун кайрадан карап чыгууга мезгил келди”,- деди ал.

Ошондой эле партиянын татыктуу талапкери Ат-Башы районунун элине партиянын “Эл үчүн” деген программасын айтып берип жатып, партия куру убадалардан алыс болуп, алдыдагы 5 жылга амбициялуу, бирок аткарыла турган милдеттерди койгонун белгиледи.

“Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү Ат-Башы районунун эли менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө партиянын жаштар канаты жөө жүрүш өткөрдү. Андан соң кыргыздын тарыхында эң чоң орду бар, ыйык жер болгон Чеч-Дөбө мазарына барышып, ата-бабалардын арбагына багыштап куран окутушту.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurik1988
2020-09-08 20:47:28
Убаданы ыткыйтып бересинерда, бирисинда аткарылбайико чиркин, силер ал жакка бизнесинерди коргогону анан эс алганы барасынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан