“Депутат – бул эл өкүлү, элдин жүгүн көтөрө турган, элге кулдай кызмат кыла турган кызматкер. Тилекке каршы, алар эл үчүн иштебей, бийлик башындагы адамдардын буйрутмасын аткарып жатат. Ага эл күбө болуп, “кылыктарынан” тажап, күлкүгө айлантып, шылдың кылып бүтүштү”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарова Нарын облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Капарова эл депутат катары жаңы, жаратман жүздөрдү көргүсү келерин кошумчалады.
“Эл азыр жаш, ошол эле учурда тажрыйбалуу жаңы жүздөрдү көргүсү келет. Азыркы учур билимдүү жана замапбап кесипкөйлөрдү талап кылат. Коом, илим саат сайын, керек болсо мүнөт сайын өзгөрүүдө. Тил билбегендер элчи, тамга тааныбагандар башкаруучу. Эл тажады”,- деди ал.
Мындан сырткары, Чынар Капарова элди туура тандоо жасоого чакырды.
“Билимсиз адамдардын бийликке келишине ким жол берди? Албетте, элдин добушу. “Эл сатылды, эл оңоло элек” деп элге асылгандарга “элден айлангыла” демекчимин. Элдин турмушун оорлотуп, аларды жакырчылыкка кептеп коюп, элди күнөөлөөнүн кереги жок. Элибиз бар, мамлекетибиз бар. Элибиз бул жолу алданбайт. Анткени эл көрдү, билди. Эл жаңыланууну талап кылып жатат”, - деди Капарова.
“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 8-сентябрь, 2020-жыл.