Интернетке "Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Ахрор Иминов Кадыржан Батыровдун тууганы деген маалымат тараган болчу. Бүгүн, 9-сентябрда "Кыргызстан" партиясынын басма сөз кызматынан социалдык тармактарга тарап жаткан бул билдирүүлөр чындыкка дал келбей тургандыгын билдиришти.
"Ахрор Иминов Кадыржан Батыров менен туугандык же башка байланышта болгон эмес. Партиянын кадырын кетирүү үчүн талапкерди каралоо өнөктүгү жүрүп жатат.
“Кыргызстан” партиясынын айрым оппоненттери мындай жол менен чынчыл күрөш жүргүзө албай тургандыгын далилдешүүдө", - деп билдиришти "Кыргызстан" партиясынан.
“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Манас 115 а.