Мирлан Амантуров, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер: "Жакшы жолдор, мыкты инфраструктура – биздин жүзүбүз, мамлекеттин баалуу ресурсу"

“Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Мирлан Амантуров Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Оттук айылынын тургуну. Негизги максаттарынын бири - учурда 20-40 жыл мурун курулган жолдор капиталдык оңдоп-түзөөнү же түп тамыры менен жаңылоону айтат.

- Мирлан мырза, парламенттик шайлоого болгон кадамыңыз илгери болсун, келечектеги пландарга токтололу.

- Мамлекеттин ичиндеги жалпы кыймыл-аракетти камсыз кылган экономиканын кан тамыры болгон жолдор өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги инструменттеринин бири. Анткени жолдордун ыңгайлуулугу экспорт, импорт, транзиттик каттамдардын көбөйүшүн шарттайт. Жакшы жолдор, мыкты инфраструктура – биздин жүзүбүз, мамлекеттин баалуу ресурсу. Тилекке каршы, учурдагы жолдордун абалы Кыргызстандагы чоң көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Бүгүн жолдорду жаңылоо мезгил талабы. Күн сайын жол тыгыны, авариялык абал жана башка ыңгайсыз жагдайга туш болобуз. Өлкөдө 6 миллион калк жашаса, катталган автоунаалардын саны миллиондон ашат. Бул автоунаа жолдорунда маселе оор экенинен кабар берет. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча учурда 96,6% жүк ташуучу унаалар, 98% жеңил унаалар жол менен камсыз болгон. Ошол эле учурда 20-40 жыл мурун курулган жолдор капиталдык оңдоп-түзөөнү же түп тамыры менен жаңылоону талап кылат.

- "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер катары кайсы программаны сунуштайсыз?

- Мен “Мекеним Кыргызстан” партиясынын депутаттыкка талапкери катары Кыргызстандын жолдорун өнүктүрүүнүн улуттук программасын сунуштайм. Анын ичинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол шаарына чейинки аралыкка 224 чарчы метрди түзгөн 6 тилкелүү жол куруу планы сунушталат. Бөлүүчү тосмо жана туристтерди кызыктыра турган веложолдун болушу абдан маанилүү. Бул Кыргызстандагы жана Орто Азиядагы эң узун веложол болмокчу. Бул веложолго 1 млн турист келсе, биздин өлкөбүзгө 500 млн доллар киреше алып келет.

Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 184 миллион доллардан ашык каражат талап кылынат. Курулуш учурунда жол иштери менен алектенген жергиликтүү чоң компанияларды ишке тартууну талап кылышыбыз керек.

Анткени: Биринчиден, бул кошумча жумуш орундары жана өлкөнүн казынасына миллиард сомдон ашык салык кирешесин алып келет. Экинчиден, чет элдик адистер курган жолдордун сапаты деле жергиликтүү ишканалардан мыкты болбой турганын практика көрсөттү жана жергиликтүү калк дагы иш орундары менен камсыздалат.

Албетте, куруучуларды тандоодо компаниянын тажрыйбасы жана иштин натыйжасы негизги критерий болушу керек. Жол курууда эң башкысы – бул сапат, куруу убактысы жана реалдуу баа.

- Чоң рахмат, тилегиңиз ишке ашсын.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан