Жеңиш Молдокматов: “Бизге темирдей тартип керек!”

Бүгүн “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов менен бирге Дмитрий Конов, Айсулуу Мамашова, Алия Ширинбаева, Искендер Гаипкулов баштаган талапкерлер Чүй облусунун Сокулук районунун шайлоочулары менен жолугушту. Жеңиш Молдокматов шайлоочуларга эң алгач партиянын тарыхын, партия түзүлгөндөн баштап мигранттарга жардам берээрин, ошондой эле диаспоралар менен тыгыз кызматташып келээрин айтты. Ошондой эле “Замандаш” партиясынын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун эмгегин да баса белгилеп өттү.

"Кыргызстандын бюджетин адилеттүү бөлүштүрсөк болот, тилекке каршы адилеттүү бөлүштүрүү болбой жатат. Бюджет элдин акчасы, мамлекетте абдан көп көйгөйлөр бар. Анын баарын талапка ылайык чечип, экономиканы көтөрүү үчүн биринчи кезекте мамлекетибизге темирдей тартип керек! Мамлекеттик жооптуу кызматтарга терең билимдүү, күчтүү кадрларды алып келмейинче өлкө өнүкпөйт! 29 жылдык тарыхыбызда 31 премьер-министр иштеди. Бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Биз жакынкы келечекте татыктуу жана туруктуу реформаларды жасашыбыз зарыл", - деди Молдокматов.

Ошондой эле Жеңиш Молдокматов маркум Чубак ажынын айтып кеткен сөзүн мисалга тартып: “Добуш сатуу- бул арам. Денесин саткан менен барабар. Айрым партиялар 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин добуштарын сатып алып жатышканы көп айтылып жатат. Сиздер балдарыңардын тагдырын, өлкөнүн келечегин сатпаңыздар. Талапкерлерге добушуңуздарды бир аз акчага сатып, соодалап жиберген соң аларга кантип доомат коё аласыздар? Айрым партиялар добуш сатып алышып, жоопкерчиликтен кутулуп жатышат. Алтынчы чакырылыштын депутаттарын көрдүк го, эл аларга эмне деген гана аттарды койбоду. Күнөө өзүбүздө, анткени добушубузду сатып, аларды парламентке алып келдик. Биз убада бербейбиз, биз аткарабыз, биздин катарыбызда үнүңөрдү жеткире турган эл өкүлдөру болот деп айта алам. Катарыбызда 3 генерал бар, мыкты саясатчылар, мугалимдер, дарыгерлер, ишкерлер, айтор, ар кыл тармактын татыктуу кадрлары "Замандаш" менен шайлоого аттанышты”, - деп баса белгиледи.

Жолугушууда "Замандаш" партиясынан талапкер Айсулуу Мамашова да эмне үчүн шайлоого “Замандаш” менен катышып жатканын мындайча айтты.

"Замандаштын чоң өзгөчөлүгү бар, бул партия жергиликтүү калк менен бирге иштешип, жардамын талыкпай берип келет. Мен парламентте Искендер Гаипкулов менен элибизге абдан керектүү бир мыйзамды иштеп чыккам. Маалым болгондой, буга чейин гемодиализ алыш үчүн бир жолку дарылаганга 8 миң сом керектелсе, биздин мыйзамдан кийин азыркы убакта анын баасы кыйла төмөндөдү. Кудай буюрса, келечекте айти технологияга, айыл чарба продукциясын сатуу жана жакшыртууга басым жасашыбьз абзел. Ар бир алыскы айылдарда айти технологиясынан билим алыш үчүн курстарды ачсак болот".

“Замандаштын” дагы бир талапкери Дмитрий Конов бул партия кесипкөй адамдардын партиясы экенине токтолуп, партияга чакырганда көпкө ойлонуп, үй-бүлөсү менен акылдашып, бул партияда көйгөйлөрдүн чечилишин биле турган адамдар бар экенине көзү жеткен соң чечим кабыл алганын билдирди.

Аксакалдардын бири Самарбек Раимкулов:

“Замандаш” пратиясынын тарыхын жакшы билебиз. Башка партиялар шайлоо учурунда гана чыга калышып, кайра жоголуп кетишет. Ал эми “Замандаш” партиясы ар дайым ишин улантып, куру убада бербестен, айткандарын аткарып келишет. Буга чейин бул партиядан Сокулук районунан депутат шайлана элек болчу. Эми биздин кызыбыз Алия Ширинбаева Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, мыкты партияны тандаптыр. Ал өз ишин билген мыкты кадр! Кудай буюрса, “Замандаш” партиясын баарыбыз тандасак, биз күткөн мыкты иштер ишке ашат деген чоң ишенимдебиз", - деп өз пикирин билдирди.

"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г. Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү «9» сентябрь 2020-ж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kyrgyz_bloger
2020-09-09 14:08:42
Темирдей тартип демократиялык олкодо болбойт.
+1
Nurik1988
2020-09-09 14:21:16
Темирдей тартип кылгын келсе мурун кыла бербейт белен шайлоо жакындаганда элге жагыныш учун алдабай.
+2
AdylbekB84
2020-09-09 14:30:51
Темир Сариев менен Адахан Мадумаровдун сөзү темирдей тартип керек! Оа бирок биздин жан дүйнөбүз эркиндикти сүйгөн эл!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан