"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралууда. Учурда сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы каралып жатат. Учурда сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти. Сотто Анар Эгембердиева төрайымдык кылып жатат.

7-сентябрда сот бүгүнкү күнгө жылдырылган. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда шайлоого саясий партиялардын тизмесин каттаган. БШКнын жыйынында жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстан” партиясы "талапкерлерди аныктоодо эреже бузган" деп таап, партияны каттоодон баш тартуу сунушун берген. Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун сунушун колдоого алып, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын каттоодон баш тартышкан. БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Felice41
2020-09-09 15:53:59
Чайналган сот, кайран кыргыз эли!
0
Jelezo
2020-09-09 19:19:35
Эмгиче чыкбайт,каяка тартышын билбей башы маң.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан