Татьяна Кузнецова, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер: “Биз жеңсек – өлкөбүз да жеңишке жетишет!”

- Саламатсызбы? “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка аттанып жатасыз, учурдагы олуттуу милдетиңиздерди айтып өтсөңүз.

- Өлкөбүз, берекеге мол Ата Журтубуз кыйын күндөрдү баштан өткөрүп жатат. Дүйнөлүк экономикалык кризистин таасирин биз да сезип, бүткүл адамзат менен бирге коронавирус пандемиясы пайда кылган стресстен чыгып келе жатабыз. Ар кандай шайлоо, өзгөчө республикалык масштабдагы шайлоо коом үчүн, мамлекеттик башкаруунун бардык системасы үчүн стресс болуп саналат. Бирок шайлоо болбосо да болбойт, себеби дал шайлоолор өлкөбүздүн алга умтулуусуна шарт түзөт.

Республикалык масштабда “Мекеним Кыргызстан” партиясы жаш партия, бирок аймактарда, Бишкекте партиябызды эл жакшы билет, анткени жергиликтүү шайлоолордо бир топ ийгиликтерге жетишкен. Бүгүн биздин алдыбызда өтө олуттуу милдет өлкөнүн тагдырына реалдуу таасир этип, жаңы өкмөттүн түзүлүшүнө катышууга мүмкүндүк берген сандагы мандат алган парламенттик партия болуу турат. Биз бул миссияны аткара алабызбы? Мен толугу менен аткара алабыз деп эсептейм.

- “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкерликке сунуш түшкөндө кандай кабыл алдыңыз?

- Мен орус улутундагы аялмын, бирөөнүн жубайы, бирөөнүн энесимин. Тарых мугалими катары өмүр бою билим берүү жана социалдык саясат чөйрөсүндө иштедим. Мага мансаптык траекториямды өзгөртүп, партиялык тизмеге кирүү боюнча сунуш түшкөндө “Мекеним Кыргызстанга” “галочка” үчүн эле керекмин го, себеби милдеттүү квотага ылайык, тизмеде улуттук азчылыктын, аялдардын өкүлдөрү болушу керек да деп ойлогом. Ошентсе да рационалдуу ой жүгүрткөн адам катары социалдык маселелер боюнча адисмин, парламентке пайдамды тийгизе алам деген ой келди. Социалдык саясат өтө маанилүү тармак, бирок ага сын айткандар да көп. Бирок “Мекеним Кыргызстандын” командасы менен иштей баштаганда мени “галочка” үчүн алынган талапкер катары эмес, толук кандуу команда мүчөсү катары кабыл алышканда чындап таң калдым. Партия чынында эле интернационалдуу экенин, биздин коомдун эң чоң байлыгы болгон маданияттын көп түрдүүлүгүн сактап гана калбастан, мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү катары мындан ары да чыңдашарына ынандым.

- Партиянын шайлоо алдындагы программасына купулуңуз толдубу?

- Партиянын шайлоо алдындагы программасын дыкаттык менен окуп чыктым. Мага андагы саламаттыкты сактоо, билим берүү гана эмес, экономика чөйрөсүндөгү да көп новаторлук идеялар жакты. Программанын чоң бир бөлүгү айыл-чарбасына арналган, бул өтө маанилүү, анткени калкыбыздын басымдуу бөлүгү дал ушул чөйрөдө иштейт эмеспи. “Мекеним Кыргызстандын” командасы парламентке эмне максат менен бара жатканын билет. Мен бул күчтүү команданын мүчөсү экениме сыймыктанам.

“Мекеним Кыргызстан” жөн гана партиянын аталышы эмес. Бул Ата Мекен, бул биздин жерибиз, биздин өлкөбүз. Толеранттуу баалуулуктарды карманган, ар бир маданиятты, ар бир тилди сыйлаган көп улуттуу коом. Балким, менин сөздөрүм бир аз пафосттуу болуп угулар, бирок мен азыр толкунданып, эргип турган чагым, бул сөздөрдү чын жүрөгүмдөн айтып жатам. Ата Мекенди сөз менен эмес, иш менен жакшы көрүш керек деп эсептейм. Сен өзүң туулуп-өскөн жериңе татыктуу экениңди конкреттүү ишиң менен далилдешиң керек. Парламентке Кыргызстандын өнүгүүсүнө жаңы маани-мазмун берген конструктивдүү күчтөр келишин каалаар элем. Мен “Мекеним Кыргызстан” жеңип чыгарына ишенем. Биз жеңсек өлкөбүз да жеңишке жетишет!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан