БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко даттана алат. Бул мамлекеттик органдын конституциялык укугу. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров SUPER.KG порталына билдирди.
“Кечээ биринчи инстанция "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын пайдасына чечим чыгарды жана аны аткаруу милдеттүү. Бирок БШК апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрыла алат. Жогорку Сот административдик соттун чечимин жокко чыгара алат же колдой алат. Азыркы тапта биз сотко кайрылуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Бул боюнча жакынкы арада белгилүү болот", - деди Тынчтык Шайназаров.
Айтымында, эгер БШК сотко кайрыла турган болсо, кандай болгон күндө дагы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жарышка катышуусу боюнча акыркы чечим Жогорку Сотто калат.
Эске сала кетсек, 3-сентябрда БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоого каршы добуш беришкен.
Мурунку акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу саясий партиянын лидери Адахан Мадумаров тизмедеги тартипти бузду деген негизде БШК партияны каттоодон баш тартуусу керектигин талап кылган.
Кечээ, 9-сентябрда Бишкектин административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын арызын канааттандырып, БШКнын каттоодон баш тартуу чечимин жараксыз деп тапкан.